Марал Радиосу

Бишкекте Качкындар күнүндө спорттук оюндар уюштурулду

Бишкекте 20-июнь Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнү белгиленди. Анын урматына Миграция кызматы жана Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку Комиссары тарабынан балдарга спорттук оюндар уюштурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлады.

Качкын балдар үчүн ар кандай спорттун түрлөрүнөн таймаштар, жарыштар уюштурулуп, балдар таланттарын көрсөтүштү.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 400дөй качкын бар.

2002-жылдан бери 9 миңдей качкын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.