Марал Радиосу

Бишкектин бир нече аймагында газ өчөт

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июндан 28-июнга чейин төмөнкү даректердеги 11 миң абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт: Жал кичирайону, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Ахунбаев, Пожарский, Абай, Таш-Көмүр, Ажыбек Баатыр көчөлөрү жана Манас проспекти.

Ошондой эле, 24-июндан 26-июнга чейин төмөнкү даректердеги миңден ашуун абоненттин жаратылыш газы өчүрүлөт: Чүй проспекти, Достоевсий, Весёлая, Салиева, Будённый көчөлөрү.

Мындан сырткары, 25-июндан 26-июнга чейин Тунгуч кичи районунун 4 миң, 26-27-июнь күндөрү Рыбин чолок көчөсүнүн 10 миң абонентине жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Мындай аракеттер оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалууда.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Exit mobile version