Марал Радиосу

Жалал-Абад шаарынын тургундары үй чарба китепчесин толтура баштады

Жалал-Абад шаарынын тургундары үй чарба китепчесин толтура баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаар тургундары тууралуу маалымат камтылган китепче аймактык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан толтурулуп, анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүк маалыматтары тиркелет. Аны менен бирге үй бүлөнүн жалпы мүлктөрү, мал чарбачылыгы тууралуу да китепчеге жазылат.

Шаарда убактылуу батирде тургандар да катталат. Китепче толтурулган соң, электрондук базага киргизилет. Бул аркылуу коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө жаралган маселелер жоюлат.

Андан тышкары, шаардын аймагына каттоого турууда, ар түрдүү социалдык жардамдарды алууда жеңилдик болуп, документ иштерин бүтүрүүдө убакыт үнөмдөлөт.

Үй чарба китепчеси толтурулган соң, шаардын туруктуу жашоочулары аныкталып, алардын материалдык абалы боюнча маалымат такталат.

Бул демилге ишке ашкан соң, «Түндүк» электрондук системасына кошулууга мүмкүнчүлүк жаралат.

 

Exit mobile version