Марал Радиосу

Путин: Орусияда жашоо оорлоп кетти дегенге кошулам

Орусияда жашоо оорлошуп кеткени чындык. Орусиянын президенти Владимир Путин мындай пикирге кошуларын, бүгүн, түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орусия жарандарынын кирешеси бир канча жылдан бери кыскарып кеткен. Ошентсе да, эми кайра калыбына келип баштаганын билдирди. 2017-жылы айлык акы 33,2 миң рубль болсо, быйылкы жылы 44 миң рублга жеткенин кошумчалады.

«Эл: «Айлыгыбыз ага жетпейт», — деп ачууланбашы үчүн түшүндүрө кетейин, мен орто эсеп менен айтып жатам, албетте, андан аз алгандар да бар», — деди Путин.

Орусия президенти Владимир Путин салт болуп калган «түз байланышты» 17-жолу өткөрүүдө. Суроолорду кабыл алуу 9-июнда башталган.

Былтыркы жылы 7-июнда өткөн жыйын 4 сааттан ашык убакытка созулган.

Exit mobile version