Марал Радиосу

«Акжол-Автожол» бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

«Акжол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган өткөрмө бекеттен 1994-жылы туулган К. Б. аттуу Кыргызстандын жараны өтүүгө аракет кылган. Бирок чек ара кызматкерлери паспортун текшерүү учурунда андагы сүрөт менен жарандын окшош эместигин байкап калышкан.

Тиешелүү документтер түзүлүп, аталган жаран Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.