Марал Радиосу

Зеленскийдин иш бөлмөсүнө саякат (видео)

Украина президенти Владимир Зеленский журналисттерге иш бөлмөсүн көрсөттү.

Зеленский тамаша иретинде «өзгөчө» нерсе көрсөтөрүн айтып, конокторду чачтарачканасына киргизген. Аны менен катар, үйдөн эле жуунууга мүмкүн болгондуктан, мындай кызматтын зарылдыгы жок экенин кошумчалаган.

Владимир Зеленскийдин мындай кадамы социалдык тармакты колдонуучулар арасында жылуу кабыл алынган. Өз иш бөлмөсүн мынчалык ачык көрсөткөн алгачкы президент экенин жазышып, анын жөнөкөйлүгүн белгилешүүдө.