Марал Радиосу

«Дастан» заводу трактор чыгарат

«Дастан» заводу Орусиянын «Уралтрак» заводу менен биргеликте трактор чыгарат. Мындай маалыматты «Дастан» заводунун маркетологу Самат Чекиров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында бизнес форум өткөрүлүп, эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Келишимге ылайык, Орусия тарап трактордун тетиктерин берип, ал Кыргызстандан куралмак.

Маркетолог маалымдагандай, ушул жылдын жай-күз айларына карата 150 даана трактор куралып, сатыкка чыгарылары мерчемделүүдө. Азырынча сыноодон өтүп жатат. Тракторлор Кыргызстандын дыйкандарына сатылат жана ошондой эле, Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттолот.