Марал Радиосу

ӨКМ: 18-июнда 20 өрт кырсыгы катталды

Кечээ, 18-июнда жалпы өлкө аймагы боюнча 20 ири жана майда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Учурда өрт чыккан жерлер толук тазалоодон өтүп, өрттүн келип чыгуу себептери жана андагы келтирилген чыгымдар такталууда.