Марал Радиосу

Никотин камтыган суюктуктарга акциз салыгы киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, ысытылган тамекиси бар буюмдарга жана электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктарга акциз салыгын киргизүү боюнча Салык кодексине толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 8-майында кабыл алынган.