Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путин менен жолукса кепти алгач эмнеден баштамак?

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 395 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушса, адегенде эле Крым менен Донбасс Украинанын жери экенин айтмак. Бул тууралуу Зеленский «Bild» басылмасына берген маегинде билдирди.

Анда Зеленский Крым Украинага кайтарыларына үмүт артарын жана ал жарым аралдарда бир нече ирет болгонун эскерген.

«Крым мен үчүн ар дайым Украинанын бир бөлүгү болуп келген жана ошондой болуп саналат», — дейт Зеленский.

Анын пикиринде, Киевде Орусияга каршы санкциялар Украинанын аймактык бүтүндүгү жана  эгемендүүлүгү толук орнотулганча күчүндө калышы керек. Санкциялар аймакты кайтарууга жана өрттү өчүрүүгө жардам берүүчү курал болуп саналат.

Ошондой эле, Путин Зеленскийди шайлоодогу жеңиши менен Орусия тууралуу айткан терс пикирлеринен улам куттуктабаганын кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM