Марал Радиосу

Президент космонавт Салижан Шариповду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт-учкуч Салижан Шариповду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан космосту багындырган атактуу мекендешин ар дайым кубаныч менен тосуп алууга даяр экенин белгиледи.

Ал эми Шарипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө болгон салымын кошууга аракет жасарын айтты.