Марал Радиосу

Сокур ичеги, өттүн операциясы кимдер үчүн акысыз?

Медициналык камсыздандыруу полисин алган жаран сокур ичегисине, өтүнө бекер операция жасатат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акыл Калыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, медициналык камсыздандыруу полисин алган жаран жогорку технология талап кылынбаган операцияларды акысыз жасата алат.

«Жүрөк алмаштыруу оңой эмес. Ал жогорку технологиялык операцияга киргендиктен, акы алынат. Дарыгерлердин кесиптик деңгээли жогору. Бирок көйгөйлөр да жок эмес», — дейт Калыков.

Ал мындан сырткары, бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркаган адамдар көбөйгөнүн белгиледи.

«Гемодиализ аппаратына түшүп калган жарандар жумасына 15 миң сомдой каражат сарптайт. Мындай бейтаптардын 700дөн ашууну биздин фонд аркылуу жардам алат», — дейт Калыков.