Марал Радиосу

Кытай: Үч жолку жер титирөө 12 адамдын өмүрүн алды

Кытайдын Сычуан провинциясында үчүнчү жолку жер титирөө катталып, 122 адамды жарадар кылды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, бүгүн аталган провинциянын Ибинь шаарында таңкы 7:35 чамасында очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Табият кырсыгынан 122 адам жабыркап, 4.5 миңдей үй-бүлө үй-жайсыз калган.

Эске салсак, кечээ 17-июнда да ушул эле шаарда очогундагы күчү 6 баллга жана 5.1 баллга жеткен эки жолку жер титирөө катталып, анда 12 адам каза таап, 130га жакын адам жарадар болгон.