Биз менен байланышыңыз

ЖРТ жыйынтыгы: эң көп упайды «Сапаттын» бүтүрүүчүсү алды

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 6169 | 2

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып, анда биринчи орунду Жалал-Абад облусунун окуучусу камсыздады. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги таратты.

Ага ылайык, «Сапаттын» Курманбек баатыр атындагы лицейинин окуучусу Элдияр Чормонов 238 упай менен биринчи орунду ээлеген.

ЖРТга быйыл 43 440 окуучу катышып, алардын 62,2 %ы босого упайдан өткөн. Орточо упай 119,5 %ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 %га жогору болгон.

Ал эми тестирлөөдө эң көп упай алган алдыңкы ондуктун тизмеси төмөнкүдөй:

  1. Элдияр Чормонов – «Сапат» билим берүү мекемесинин Курманбек баатыр атындагы лицейи (Жалал-Абад);
  2. Нуртегин Колбаев –№70 мектеп-гимназиясы (Бишкек шаары);
  3. Аида Бөрүкулова –№1 мектеп-гимназиясы (Лейлек району);
  4. Жеңишбек уулу Талантбек — «Сапат» билим берүү мекемесинин «Семетей» лицейи (Кадамжай району);
  5. Мамажанова Гулшода – «Сапат» билим берүү мекемесинин Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейи (Жалал-Абад шаары);
  6. Дария Мусаева — №12 окуу-тарбия комплекси (Бишкек шаары);
  7. Анастасия Чичкова — №38 окуу-тарбия комплекси (Бишкек шаары);
  8. Эрали кызы Сезимай — «Сапат» билим берүү мекемесинин «Себат» кыздар лицейи (Ош шаары);
  9. Эржигит уулу Тыныбек — «Сапат» билим берүү мекемесинин Курманбек баатыр атындагы лицейи (Жалал-Абад);
  10. Мухомедьярова Алина — №67 окуу-тарбия комплекси (Бишкек шаары);

2 пикир

2 пикир

  1. noone

    18.06.2019 16:51

    wow! I love this Sapat!!!

    • Нургуль

      25.06.2019 03:25

      Сапат супер!Алдынкы 10дуктун бешоо Сапат билим беруу мектеби экен…Жолунар ачык болсун.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM