Марал Радиосу

ШКУ саммитине даярдануу үчүн Бишкек мэриясы 73,6 млн сом коротту

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине даярдануу үчүн Бишкек шаардык мэриясы 73 млн 676 миң сом коротту. Бул тууралуу мэриянын жыйынында мэр Азиз Суракматов айтты.

Маалыматка ылайык, «Бишкек Асфальт сервис» ишканасына — 40 млн сом; «Бишкек Свет» ишканасына — 12 млн 556 миң сом; «Тазалык» ишканасына 6 млн сом; «Бишкек Жашылдандыруу» ишканасына 6,5 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле, райондук администрацияларга: Ленин районуна 2 млн сом; Октябрь районуна 1 млн 334 миң сом; Биринчи май районуна 3 млн 675 миң сом; Свердлов районуна 686 миң сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун саммити 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өттү.