Төрөткө байланыштуу текшерүүлөрдүн баары бекер. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облустук башкармалыгынын директору Төлөн Кыргызбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, операция жолу менен болгон төрөттөр (кесарево) акысыз. Мындайда дарыгерлердин каражат талап кылуусу мыйзамсыз.
Кыргызстандагы бардык кош бойлуу айымдарга бекер милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси таркатылууда. Анын негизинде айрым дары-дармектерди акысыз алууга болот.
Алынган полис 15 күндүн ичинде күчүнө кирет. Баасы: бир жылга 1200 сом.
Патриотка
19.06.2019 07:14
Окшошпой калды акча берсен караган врачтар эми таптакыр карабай коюшат экен да