Марал Радиосу

18-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 12…17… күндүз: 28… 33 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 25…..30°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 14…19….күндүз: 30……35 °C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…15….күндүз: 21…26°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 21….26°C;

18-июнда Бишкекте күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 31….33°C, түнкүсүн 15…17°C.