Марал Радиосу

Кыргыз эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комитет түзүлдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 30-майда  кол койгон буйругуна ылайык, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.

Аталган комитет мааракелик иш-чарага даярдануу жана өткөрүү боюнча план иштеп чыгып, бекитет. Ал эми иш-чараны өткөрүүгө сарпталган каражат министрлик, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволордун бюджетинен, ошондой эле грант жана демөөрчүлөрдүн эсебинен бөлүнөт.