Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегия курамы жаңыланды

Элнура Боронбаева Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясынын курамына кирди. Мындай чечим премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кабыл алынды.

Ага ылайык ушул жылдын 7-июлунан тартып, Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Элнура Боронбаева аталган министрликтин коллегиясынын курамына кирди.

Өкмөт башчысынын дагы бир буйругу менен Марат Калиев курамдан чыгарылды.