Марал Радиосу

Икрамжан Илмияновдун ишин иликтөө аяктады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго байланышкан тергөө иши аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Икрамжан Илмияновго «алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.