Биз менен байланышыңыз

Масадыков: ШКУнун аскердик мүмкүнчүлүктөрү азыраак

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 530 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун терроризмге каршы туруу үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү азыраак. Анткени, тийиштүү тармактар иштелип чыга элек, органдар түзүлө элек. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кокустан Орто Азияда туруксуздук болуп кетсе, ким токтотот? Биздин күчүбүз жетпейт. Кытай аскерин киргизеби? Эгер кытай аскери кирсе кайра чыгабы, же калып калабы? Пакистан ШКУнун мүчөсү. Бирок аталган өлкө терроризмдин очогу катары айтылып келет. Мындан улам, «Пакистан терроризм менен иш жүзүндө күрөшөбү же кагаз жүзүндө калып калабы?» — деген суроолор туулат», — дейт Масадыков.

Анын айтымында, ШКУ саммиттинде Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани туура маселе көтөргөн. Ошондой эле, орус президенти Владимир Путин көз карашын ачык айткан.

«Германия, Франция да АКШнын үстөмдүгүнө баш ийбей, башка уюмдарды карап жатат. Жер жүзүндө дүйнөлүк согуштун эч кимге кереги жок. Ооганстанда кооптуулук мурдагыдан күчөп баратат», — дейт Масадыков.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммитиде Хасан Рухани Америка Иран жана дагы башка мамлекеттин ортосундагы өзөктүк программадан бир тараптуу чыгып кеткенин баса белгилеген. Ошондой эле, калган мамлекеттерди аталган программанын алкагындагы милдеттерин так аткарууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM