Марал Радиосу

«Көчкү» спектакли «Нооруз» фестивалынын чоң ийгилиги аталды

«Көчкү» спектакли– фестивалдын чоң ийгилиги. Спектакль таң калычтуу профессионалдуу уюштурулган. Анда баары жашоо маанисине негизделген. Бул жерде эмне жөнүндө ойлонуу керек, ким үчүн толгонуу керек, эмнеден улам адамга кыйын болот мына ушулар айтылган. Мындай пикирин Москва шаарынан келген театр сынчысы Владислав Куприна билдирди.

Ушул жылдын 1-8 июнь күндөрү Казань шаарында XIV түрк элдеринин “Нооруз” эл аралык театр фестивалы болуп өттү.

Фестивалга Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Башкырстан, Татарстан сыяктуу  түрк тилдүү элдердин 29 театры катышты. Кыргызстандын атынан Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Түрк драматургу Түнджер Дюдженоглунун “Көчкү” спектаклин тартуулашты.