Марал Радиосу

Орусия, Азербайжан жана Ирандын президенттери августта Сочиде жолугушат

Орусия, Азербайжан жана Ирандын президенттери: Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Хасан Роуханинин жолугушуусу ушул жылдын август айында Сочиде пландалып жатат. Бул тууралуу Түндүк Кавказ боюнча министр Сергей Чеботарев билдиргенин РИА Новости жазды.

Мындай билдирүүнү ал Тегеранда өтүп жаткан “Иран жана Түндүк Кавказ: Тарых жана кызматташтыктын келечеги” аталышындагы конференциянын ачылышындагы сүйлөгөн сөзүндө билдирген.