Марал Радиосу

Жаздык дан эгин 679,1 миң гектарга себилди

Ушул жылдын 25-майына карата жалпы республика боюнча жаздык дан эгин 679,1 миң гектарга себилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жаздык дан эгиндин аянтына карата көп жылдык чөптөрдүн себилген аянты 135,0 %ды, арпа – 106,7 %, жаздык буудай – 101,6 %ды, дандык жүгөрү – 101,4 %ды, жашылчалар – 110,1%ды,  пахта – 106,2 %ды, картошка — 98,3%ды, дан буурчак – 93,9 %ды, май өсүмдүктөрү – 87,5 %ды, кант кызылчасы – 89,4 %ды, күрүч – 88,5  %ды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата өлкөдө 85,6 миң гектар күздүк дан эгин же күздүк дан эгиндин жалпы аянтынын 60,5 пайызы азыктандырылды. Республиканын чарбалары тарабынан 597,3 миң гектар аянтка жазгы айдоо жүргүзүлдү. Бул мурунку жылга караганда 13,6 миң гектарга же 2,3 %га көп.