Марал Радиосу

Жээнбеков Катардын эмири менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Алар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашып, өз ара кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, тараптар Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин V саммитинин алкагында жолугушкан.