Марал Радиосу

Бильярд. Дүйнө Кубогу: Азиз Мадаминов үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандын кий чебери Азиз Мадаминов бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча дүйнө Кубогу мелдешинин экинчи этабында үчүнчү орунду камсыздады. Бул тууралуу анын машыктыруучуларынын бири Ильяз Адамов билдирди.

Мелдеш Москва шаарында 10-июндан бери өтүп жатат.

Азиз беш беттеш өткөрдү. Анда ал 1/8, чейрек финалдарда үч Орусиялык жана бир украиналык кий чеберин уткан. Жарым финалда орусялык Иосиф Абрамовго жеңилип калды.

10-июнда башталган мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. Ага эркектер арасында Орусия, Кыргызстан, Тажикстан жана Украина өлкөлөрүнөн бардыгы болуп 50 бильярдчы катышты.