Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: УКМК менен Жогорку соттун кызматкерине кылмыш иши козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 520 | 0

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы Ихтиёр Абдуллаев жана анын орун басары Жахонгир Эгамовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу upl.uz. сайты жазды.

Аталган сайт билдиргендей, бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да ырастаган. Алардан тышкары, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Баходир Дехкановго да кылмыш иши козголгонун маалымдашкан. Ошондой эле, Башкы прокуратура кылмыш ишинде бир нече жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн катышы да болгондуктан, маалымат ачыкка толук чыгарылбай турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Абдуллаев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилигинен ден соолугуна байланыштуу кеткен эле.

Copyright © 2017 Maral FM