Марал Радиосу

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбү шаарына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстандын президентин Дүйшөмбү шаарынын борбордук аэропортунан Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Дүйшөмбү шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин V Саммитине катышат.