Марал Радиосу

Ош шаарында палоо фестивалы өттү

Бүгүн, 14-июнда Ош шаарында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген чебер ашпоздордун палоо басуу өзгөчөлүктөрүн тааныштырган фестиваль өттү. Иш-чарага Өзгөн, Ноокат, Араван, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан 200дөн ашуун адам жана чет өлкөлүк коноктор катышты.

Ар бир облустан келген катышуучулар өздөрү өстүргөн күрүчтөн палоо басуу ыкмасын тартуулашты. Мындан сырткары, ар башка райондордон келген белгилүү ашпоздор чеберчилик сабактарды өтүштү.

Палоо фестивалынын негизги максаты ата мекендик өндүрүш болгон күрүчтү бренд кылуу жана ашпозчулук өнөрдү жайылтуу болуп саналат.