Марал Радиосу

Кыргыз уз-усталары Индиядагы көргөзмөгө катышат

«Кыргыз- Индия боёктору жана узчулук өнөрү Борбордук Азияда» аталышындагы салттуу кездемелер жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү өттү. Көргөзмө Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарынын алкагында, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димринин демилгеси менен кыргыз кол өнөрчүлөрү тарабынан уюштурулган. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты.

Кыргызстан менен Индиянын маданият тармагындагы кызматташуусу мындан ары да ушундай иш-чаралар менен уланат. Мындай пикирин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ал белгилегендей, буга чейин да кыргыз-индус кол өнөрчүлөрүнүн өз ара байланышы болуп келген. Ошондой эле, ушул жылдын октябрь айында Индияда өтө турчу көргөзмөгө кыргыз кол өнөрчүлөрү да чакыруу алганын маалымдады.

— Бул жерге биздин кол өнөрчүлөрдүн эң мыкты эмгектери коюлган. Индия тарап да бизден кем калышпайт. Дүйнөдө кол өнөр чеберчилиги менен мактана алган элдер аз. Алдыңкы сабында Индия турат деп ойлойм. Биздин өлкөдө да бул өнөр жеткиликтүү сакталып калган. Эки өлкөнүн чеберчилигин, көркөмдүгүн бир көргөзмөдө көрө аласыздар.  

«Эки башка маданияттын бир чатыр алдында өнөр көргөзгөнү — биз үчүн сыймык. Мындай демилгенин ишке ашышына кубанычтамын», — деди Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри. Анын айтымында, Индия менен Кыргызстан кол өнөрчүлүк боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган өлкөлөрдөн. Ошондой эле, көргөзмөнүн максаты тууралуу буларга токтолду:

— Бул көргөзмөнүн максаты: эки өлкөнүн кол өнөрчүлүгүн, бири-бирине мындан да тереңдетип тааныштыруу. Биз кыргыз кол өнөрчүлөрүн Индияга чакырып жатабыз. Ал эми, Индия кездемелери Борбордук Азияга абдан таанымал. Бүгүн көргөзмөгө келгендер Индия кол өнөрчүлүгүнүн көп тармактуулугун көрө алат.

Жыгач уста Нурадин Абдыразаковдун айтымында, кыргыз кол өнөрчүлөрү  чет элдиктерди дайыма суктантып келишет. Мындай көргөзмөлөрдүн  уюштурулуп турушу алардын эмгектерин дүйнө элине жайылтууга салым болот. Ошондой эле, тажрыйба алмашууга да шарт түзөт.

— Бул жерде кыргыздын уз-устачылыгын чет өлкөлүктөр көрө алат. Биз өзүбүздүн өнөрүбүздү даңазалашыбыз керек. Бизди Индияга чакырып жатышат. Буйруса, тажрыйба алмашканга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ойдомун.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарды сактоо боюнча Кыргызстандагы өкүлү Динара Чочунбаева белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жаатында Индиядан үлгү алса болот. Анткени, Индияда бул тармак боюнча төрт министрлик бар, алар тармактарга бөлүнүп иш алып барып, Индия кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүп жатат. Кыргыз өкмөтү кол өнөрчүлөрдү камкордукка алса деген оюн билдирди:

“ Кыргызстанда кол өнөрчүлүккө мамиле жетиштүү эмес. Мисалы, Индияда кол өнөрчүлүктү кичи бизнес катары карашат. Бизде майрам болгондо эле эстей калып, боз үйдү тиге койгула дейт да, майрам бүткөндөн кийин аларды эстеген киши жок. Бул бир көрүп туруп таштап койчу иш эмес, биринчиден мурасыбыз, экинчиден, каражат табуунун бир жол”.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ШКУнун саммитин өткөрүү алкагында уюштурулду. Иш-чара 24-июнга чейин уланмакчы.

Exit mobile version