Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ШКУда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 494 | 0

Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн бирдиктүү орган түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде айтты.

Анын айтымында, экономикалык кылмыштуулук улуттар аралык мүнөзгө ээ. Бул кылмыш наркотикалык соодага, аткезчиликке, кирешени жашыртууга байланышканын айтты. Ошол себептүү улуттук коопсуздукка да коркунуч жаратарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ШКУга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия мүчөлүк кылат.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.

Copyright © 2017 Maral FM