Марал Радиосу

ШКУ: Кеңири чөйрөдөгү жолугушуу башталды

Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинин кеңири чөйрөдөгү отуруму башталды. Ага чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн тар чөйрөдөгү жолугушуусу орун алган. Жолугушуунун аягында кабыл алынган документтерге кол коюу иш-чарасы болот.

Белгилей кетсек, ШКУга Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия мүчөлүк кылат.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.