Марал Радиосу

Бүгүн «Кыргызстан-Индия» бизнес форуму өтөт

Бүгүн «Кыргызстан-Индия» бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал эми июль айынын орто ченинде «Кыргыз-Корей» бизнес форуму өтөт. Ошондой эле, 2-августта эл аралык экономикалык форум өткөрүү мерчемделүүдө.

Форумдардын алкагында жарманке, көргөзмөлөр уюштурулуп, маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 13-июнда «Кыргызстан-Кытай» бизнес форуму болуп өтүп, жыйынтыгында 7,7 млрд долларлык 24 документке кол коюлган.