Биз менен байланышыңыз

«Кытайлык инвесторлор эки облуска агропарк курат»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2019 | 1047 | 0

«Кыргыз-Кытай» бизнес форумунда түзүлгөн келишимдер — тикелей инвестиция. Андыктан, мамлекеттик бюджетке залакасын тийгизбейт. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызстан-Кытай» бизнес форумунун алкагында 7 млрд. 7оо млн. долларлык 24 документке кол коюлду. Кытай ишкерлери ири долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

«Кирпич заводун, Токмоктогу мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо, Кара-Балтага логистикалык борбор, Ош менен Чүй облусуна агропарк куруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Агропаркка 2 млрд. доллардын тегерегинде инвестиция каралды. Ал компаниялардын өндүрүмдөрүнүн санын жана сапатын көбөйтүү максатын көздөйт. Алар Кытайга товар экспорттоого да салымын кошот. Ал эми меморандум кызыгуунун белгиси катары саналат. Аларды да тажрыйбага айлантып, ишке ашырабыз», — дейт Адылбек уулу.

Маалыматка ылайык, кытайлык эки компания «Аю холдинг» компаниясы менен кызматташуу үчүн 2 млрд. долларга келишим түзгөн. Меморандум жана келишимдерге кол коюуга чейин кытайлык ишкерлер менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM