Марал Радиосу

Кытай-Кыргызстан: «Манаска» жеткен мамиле

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары болуп өттү. Анда тар жана кең чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр өтүп, жалпысынан 14 документке кол коюлду. Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидерин I даражадагы Манас ордени менен сыйлады.

Кытай лидери Си Цзиньпин ортодогу алты жылдык тыныгуудан соң, Кыргызстанга мамлекеттик визит жасады. Бул визиттин расмий бөлүгү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп, кытай лидерин Жээнбеков тосуп алды. Си Цзиньпин Ардактуу кароол менен кыргызча саламдашты. Ал эми мамлекеттик визиттин өзгөчөлүгү катары Улуттук гвардиянын атайын аскер бөлүгү Си Цзиньпиндин урматына «Кыргызстан» ырынын коштоосунда марш тепти.

Андан  ары кыргыз-кытай президенттеринин кең чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрү өтүп, анда Кытай лидери Кыргызстанда өзгөрүүлөр көп экенин айтты.

«Сиздерде жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болду. Кыргызстандын эли бактылуу жашап жатат. Биз жакын кошуна жана стратегиялык өнөктөш катары буга кубанып жатабыз. Мындан сырткары, Жээнбеков мырза бийликке келгенден бери өлкөнүн бакубат турмушу үчүн көп иштер жасалды жана ал тарабынан коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат».

 Ошондой эле, Кытай тарап Кыргызстанды жакын кошуна жана стратегиялык өнөктөш деп белгилеп, Си Цзиньпин өзүнүн бул визити эки тараптуу алаканы дагы да жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин билдирди.

Анткен менен «Кытай лидеринин бул визити кыргыз коомчулугундагы кытай саясатына каршы маанайдагы абалды чындап эле жумшарта алабы?» деген суроону пайда кылат. Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Сейтек Качкынбай уулу бул визиттин мааниси жана маңызы тууралуу мындай пикирде:

«Негизи өкмөттүн Кытай боюнча позициясы ар дайым эле кызматтыштыкты жандантууну көздөйт. Бирок калк арасында айрым топтор кытайга каршы маанайда болгону үчүн, бул визит алардын кыжырына тийүүсү мүмкүн. Себеби, бир канча коррупциялык чырлардан соң, «Кытай бийлиги кыргыз тарапты дагы акчага сатып алабы?» — дегендей пикирлер жаралбай койбойт. Бирок жалпы жонунан алганда, Кытай боюнча орток позицияда тургандар үчүн Си Цзиньпиндин өзүнүн келүүсү бир топ таасирдүү болду деген ойдомун».

Дагы бир саясат талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде, кыргыз-кытай мамилесинин тамыры кылымдарга барып такалат. Мындан улам, жогорку даражалуу мындай зыяраттар мамилени чыңдоого гана өбөлгө түзөт.

«Кытай менен кыргыздардын алакасынын миң жылдык тарыхы бар. Мындан улам, ортодогу алаканы бузабыз деп чыккандардын тилеги ишке ашпайт. Биз бул кошуна менен жакшы мамиледе болсок, өзүбүзгө жакшы. Муну Кытай лидери: «Биздин достугубуз карагай сыяктуу. Анын башы канчалык бийик болсо, тамыры да ошондой терең», — деп айтты. Бул сөз кыргыз-кытай достугунун канчалык маанилүү экенине так аныктама берип турат».

 Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чакырууну кабыл алып, Кыргызстанга келгени үчүн Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, Кытай боюнча айрым саясий темаларга токтолду. Тагыраак айтканда, Тайвань боюнча расмий Пекиндин позициясын кубаттай тургандыгын айтты.

«Тайвань маселеси боюнча принципиалдык позициябызды билдирип койгум келет. Тайвань — Кытайдын ажырагыс бөлүгү. Кытай өкмөтү — жалпы Кытайдын жүзү болгон жалгыз, мыйзамдуу өкмөт». 

Мындан сырткары, Кытайдагы этникалык кыргыз, казак, уйгурлар маселеси боюнча өз позициясын билдирди:

«Бир катар күчтөр биздин арабыздагы мамилеге доо кетирип жатат. Кытайда жашаган азчылык улуттар боюнча маселе алардын, Кытайдын өзүнүн ички маселеси. Бул боюнча сиздин позицияңызды колдой турганымды дагы бир ирет айтып коёюн».

Маалым болгондой, Кыргызстанда былтыртан бери Кытайдын Синцзянь аймагындагы этникалык азчылыктардын маселеси кыргызстандыктардын да кабатырлануусуна себеп болуп келет. Мындан улам, Жээнбеков бул боюнча Кыргызстандын позициясы кандай экенин кыйытып өттү, — деген Сейтек Качкынбай уулу: — Президент Кытайдын ички маселесине кийлигишпей туура кылат, — деп эсептейт.

«Президенттин бул позициясы туура эле. Анткени биз канчалык боордош дегенибиз менен, алар — Кытайдын жарандары. Алар мурдатан эле ошол аймакты ээлеп, ошол жакта жайгашкан. Мындан улам, биз алардын ички ишине аралашпаганыбыз туура». 

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, коңшу өлкөнүн башчысы Манас орденине Борбор Азияга болгон өзгөчө мамилесинен улам татыктуу болду.

«Си Цзиньпинге мындай жогорку даражадагы сыйлыкты алгач Путин берген. Андан соң Казакстан, Өзбекстан да Кытай лидерин аймактарга кошкон салымы үчүн сыйлашкан. Биздин президенттин сыйлык берүүсү да алдыда Кытай менен кызматташтыктан үмүт чоң экенин билдирет». 

Кыргыз-кытай дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына туш келген бул мамлекеттик визиттин соңунда мал дарылоо, сүт өндүрүү, бал экспорттоо, фитосанитардык көзөмөл, айыл чарба, экономика жаатында кызматташтык, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча 14 документке кол коюлду. Ошондой эле, Ош шаары Кытайдын үч өнүккөн шаары менен алака түзө турган болду.

Exit mobile version