Марал Радиосу

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди (видео)

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын президентин «Манас» эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.