Марал Радиосу

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Эки мамлекеттин башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.