Марал Радиосу

Жээнбеков Си Цзиньпинге I даражадагы Манас орденин ыйгарды (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинге I даражадагы Манас орденин ыйгарды. Ошондой эле, Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 14 келишимге кол коюлду. Анын бирөөсү эки өлкөнүн башчыларынын биргелешкен билдирүүсү болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди.