Марал Радиосу

Трамп Путин менен жолугарын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Японияда өтүүчү «Чоң-20» саммитинде жолугарын билдирди. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Ошондой эле, Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниети бар экенин кошумчалаган.

Ал эми Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүгө: «Вашингтон жолугушуу тууралуу билдирген эмес, андыктан, эки тараптын жолугушуусу болбой калышы мүмкүн», — деген жообун берген.

Белгилей кетсек, «Чоң-20» саммити 28-29-июнга белгиленген. Ал Япониянын Осака шаарында өтөт. Бул топту Орусия, Аргентина, Австралия, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Сауд Аравия, АКШ, Түркия, Франция, ТАР, Түштүк Корея жана Жапония өлкөлөрү жана Европа Биримдиги түзөт.