Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Алгач Атамбаев сатып кеткен

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 1289 | 1

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук менен көп нерсеге реакция кылбай, иш менен далилдейин деген максатта келе жатат. Мындай пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы парламенттин 60 %ын Атамбаев түзгөн. Экинчиден, Жээнбековду да президенттикке Атамбаев сунуштаган.

Мындан сырткары, учурда өкмөттө иштеген кызматкерлердин 80 %ы Атамбаевдин убагында иштеген кадрлар.

«Атамбаев бийликтен кеткенде баары жаман болуп калышы керекпи? Ал башкаларды сатып кетсе болот, бирок аны сатууга болбойбу? Алсак, Атамбаев президент болуп келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыртта калган. Демек, Атамбаев биринчи өзү сатып кеткен. Акыры саясатчы Өмүрбек Текебаевди да каматып тынды. Азыр Атамбаев ошолордун баарынын жообун алып жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, саясатта адамгерчилик, бир принцип менен аягына чейин туруу аракети болушу керектигин, бирок Кыргызстанда мунун баары терс нукта экенин кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Кычыткы

    13.06.2019 18:54

    Сулайманов разборшикпи эмне?Жогорку Кеңешти Атамбаев тандап 5 фракция кыңк этпей отурдуңар го 4 жыл.Баарыңарды камаш керек.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM