Марал Радиосу

«Өкмөттүн отставкасы, парламенттин таркашы туура эмес»

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде азыркы кырдаалда өкмөттүн отставкага кетиши, парламенттин таркашы туура эмес көрүнүш экенин билдирди.

«Анткени, Кыргызстандагы шайлоодо тандоо эмес, соода-сатык болот. Шайлоо системасы ошол бойдон калса, эртең Жогорку Кеңешке саясий деңгээли мындан да төмөн парламент келет. Бийликке жалаң акчалуулар отурат. Андыктан, парламентти таратуудан мурда шайлоо мыйзамдарын тактоо зарыл», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары, саясатчылар аймак элин шайлоо алдында көп колдонорун белгиледи.