Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Бүгүн Бишкекте чоң программадагы концерт өтөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 795 | 0

Бүгүн, 13-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң программадагы концерт болот. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева билдирди.

Анын айтымында, концерт үч бөлүктөн турат. Ал элдердин каада-салт жана маданиятынын символу болгон Улуу Жибек Жолунун маанилүүлүгүн ачып берет.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият өкүлдөрү катышат. Алсак, Орусия, Индия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистандан ырчылар келген.

Ал эми Кыргызстандын атынан жалпы 700 өнөрпоз катышат. Булардын катарында чет өлкөдө эмгектенип жүрүшкөн белгилүү ырчылар Жеңиш Исманов, Жумадыл Дурусалиев, Жамиля Раимбекова, Лейла Асанбекова, Канат Надырбек уулу жана башкалар да бар.

Белгилей кетсек, иш-чаранын көркөм жетекчиси: Султан Раев, ал эми режиссеру: Алтынбек Максүтов. Сценарийдин авторлору: Султан Раев жана Кайрат Иманалиев.

Copyright © 2017 Maral FM