Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 807 | 1

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Кытайдын төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле, Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаннета

    13.06.2019 11:37

    КСДПнын депутаты Айнура Осмонова Шармаматовна Эл учун эмгектенип, элдин койгойлуу мамселелерин баарын чечип,Кыргыз республикасы учун иштеп келе жатат.Биздин умутубуз ото Чон Айнура Эжебизден.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM