Марал Радиосу

Кытайдын төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Кытайдын төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле, Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.