Москвада «Медуза» интернет-басылмасынын журналисти Иван Голуновду колдоо акциясы жүрүп жатат. Акциянын катышуучулары бийлик тарабынан кармалып жатканын жергиликтүү маалымат булактары билдиришүүдө.
Соңку маалыматтар боюнча, Москванын борборундагы жүрүштө 94 жаран кармалган. Бул тууралуу «Медуза» сайты билдирди.
Кармалгандардын арасында «Медуза», «Дождя», «Reuters», «Ведомоства», «МБХ-медиа», «Эхо Москвы» сыяктуу маалымат каражаттарынын журналисттери да бар. Ошондой эле, активист Алексей Гаскаров жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальный да кармалган. Милициялар кээ бир кармалгандардын чөнтөк телефондорун алып коюп жатышканын «Deutsche Welle» басылмасынын журналисти Сергей Дик жазды.
Башында милициялар кийиминде Иван Голуновдун аты жазылган жарандарды кармап жатса, кийинчерээк баарын кармап баштаган. Ал тургай, атайын «Пресса» бейжиги менен жүргөн журналисттерди да кармап кетип жатышканын жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Белгилей кетсек, «Иван Голуновдун эркиндиги үчүн» деп аталган акцияны өткөрүүгө шаар бийлиги уруксат берген эмес. Алар Москванын тургундарын жана конокторун жүрүшкө катышпоого чакырган.
Бийликтин чечимине баш ийбеген акциянын уюштуруучулары «Фейсбук» баракчалары аркылуу 25 миң адам жүрүшкө чыгууну пландап жатканын кабарлашкан. Алар бул окуя боюнча, «Бийликтин төмөнкү катмарындагы бир-экөөнү иштен кетирип кутулбай, бул ишке тиешеси барлардын баары жазалансын», — деген талап коюшууда.
Эске салсак, иликтөөчү журналист Иван Голунов 6-июнда кармалган. Каршылык акциялары күч алгандыктан, 8-июнда үй камагына чыгарылган. Голуновдун кылмышка тиешеси далилденбегендиктен, кечээ, 11-июнда ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Ал кылмыш ишин жумушуна байланыштырып, атайын курулган тузак экенин айтып келет. Анын айтымында, кылмыш ишин козгоого акыркы убакта иликтеп жүргөн «көрүстөн бизнесинин» байланышы бар болушу мүмкүн. Анткени, иликтөө жарыялануу алдында турган.