Марал Радиосу

Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда кабыл алынган документтер

Президент Сооронбай Жээнбековдун Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда төмөндөгүдөй 9 документке кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуу;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы менен Монголиянын Улуттук коопсуздук катчылыгынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө Протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
  5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Монголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы Интеллектуалдык менчикке жана салттуу билимдерге укукту коргоо жаатында кызматташуу тууралуу Макулдашуу;
  7. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагы ортосундагы Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө Меморандум;
  8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголия Башкы архив Башкармалыгынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө Меморандум;
  9. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Монголия Илимдер академиясынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;