Марал Радиосу

«Forbes» журналы: Эң көп киреше тапкан спортчулар

SAN JUAN, ARGENTINA - JUNE 07: Lionel Messi of Argentina celebrates with the trophy after a friendly match between Argentina and Nicaragua at Estadio San Juan del Bicentenario on June 7, 2019 in San Juan, Argentina. (Photo by Gustavo Garello/Jam Media/Getty Images)

Американын «Forbes» журналы эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесин жарыялады. Тизмедеги алгачкы үчтүктү футболчулар ээледи.

Тизменин башында «Барселонанын» оюнчусу, аргентиналык футболчу Лионель Месси турат. Ал бир жылда 127 миллион доллар киреше тапкан. Кийинки орунду Мессинин атаандашы Криштиану Роналду ээлеген. Португалиялык футболчунун бир жылдык кирешеси 109 миллион долларды түзгөн. Тизме боюнча үчүнчү орунга бразилиялык чабуулчу Неймар катталган. Анын кирешеси — 105 миллион доллар.

Рейтинг боюнча алгачкы ондукка мексикалык мушкер Сауль Альварес ($94 млн), швейцариялык теннисчи Рожер Федерер ($93,4 млн), «Сиэтл» футбол командасындагы америкалык оюнчу Расселл Уилсон ($89,5 млн), «Грин-Бэй» командасындагы футболчу Аарон Роджерс ($89,3 млн), америкалык баскетболчулар Леброн Жеймс ($89 млн), Стефен Карри ($79,8 млн) жана Кевин Дюрант ($65,4 млн) кирген.

Аталган тизмеде КМШ өлкөлөрүнөн казакстандык мушкер Геннадий Головкин да бар. Ал өткөн жылда 25,5 миллион доллар тапкан. Бул көрсөткүч менен мушкер 95-катардан орун алган.

Ал эми жүздүк топто айымдардан жалгыз теннисчи Серена Уильямс бар. Анын тапкан кирешеси 29,2 миллион доллар.