Марал Радиосу

Токаев: Муктаждарга жардам берип, социалдык көйгөйлөр боюнча иш алып барам

Казакстандагы президенттик шайлоодо 70,96 пайыз добушту ээлеп, жеңишке жетишкен Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматын баштады.

Бүгүн, 12-июнда Казакстандын борбору Нур-Султанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү. Ал ант бергенден кийин, жалпы элге кайрылуу жасады.

«Мен өзгөчө, муктаждарга жардам берүү сыяктуу социалдык көйгөйлөр боюнча иштөөнү пландап жатам. Бийликке бул жаатта жакшы жыйынтык көрсөтүү тапшырмасы берилди. Биз коомдук саясатыбызды жаңылашыбыз керек. Ошондой эле, казак ишкерлерин колдоп, орто класстын активдүүлүгү үчүн стимул түзүп, инвестицияны коргоого аракет кылам», — деп билдирди Токаев.