Биз менен байланышыңыз

Эми имамдар никени атайын журналга катташат

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 1173 | 1

Мындан ары дин кызматкерлери кыйган никесин атайын Нике журналына катташат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 12-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдардын чогулушун өткөрүп, анда Нике каттоо журналы менен тааныштырды.

Азирети Муфтий белгилегендей, дин кызматкерлери нике кыярдан мурун никеге туруп жаткан жарандардын паспортун талап кылууга тийиш. Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгер никелешкен жарандардын жашы 18ге толбосо, дин кызматкери нике кыюудан баш тартууга милдеттүү.

Ошондой эле, облустук казыяттар Муфтиятка ар квартал сайын нике тууралуу отчет берип турушат.

Маалыматка ылайык, журнал юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    13.06.2019 10:36

    Мен жыйырма жылдан бери Башкортостанда иштеп жашап журом, кыргыздарга Нике журналы эми киргизип жатыптыр. Башкортостанда Нике кыйган молдо Нике куболугун печаты менен жазып берет, он жыл мурда кубо болгонмун 500 рубль алып молдо квитанция жазып берген. Молдолорго кураан окутканда башка ат кою азан айтуу биздегидей эле акча беришет, алган акчасына квитанция беришет. Биздин молдокелерди да сугалактатпай озу ыраазы болуп берди деп эле чонтокко уруп коет, анан элден мечитке, мазарга дешип акча чогултат, канча бир проценти Мечиттин, мурзонун муктаждыгына, бээ бечараларга жумшаса болсо керек. Азыр молдолук талаш болуп жатат себеби акчадан сырткары чон устукан, тамак аш молдонун ити эт жебей,тоогу жем жегиси келбей калды, эл берген калпактарды мусорго таштаганын коргондор айтып журот. Молдолордун да тыйу керек. Коп ысырапчылыкка молдолор жол берип жатат, бере берсин сооп болот деп элди дурботуп турушат.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM