Марал Радиосу

Эми имамдар никени атайын журналга катташат

Мындан ары дин кызматкерлери кыйган никесин атайын Нике журналына катташат. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 12-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдардын чогулушун өткөрүп, анда Нике каттоо журналы менен тааныштырды.

Азирети Муфтий белгилегендей, дин кызматкерлери нике кыярдан мурун никеге туруп жаткан жарандардын паспортун талап кылууга тийиш. Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгер никелешкен жарандардын жашы 18ге толбосо, дин кызматкери нике кыюудан баш тартууга милдеттүү.

Ошондой эле, облустук казыяттар Муфтиятка ар квартал сайын нике тууралуу отчет берип турушат.

Маалыматка ылайык, журнал юридикалык күчкө ээ болуп эсептелбейт.